Жайыл районунда өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды алдын-алуу боюнча рейддер өткөрүлдү

Жайыл районунда “Өспүрүм” жана “Түнкү өспүрүм” аталышындагы алдын-алуу рейд иш-чарасы болуп өттү. “Жаш өспүрүмдөрдүн, психикасына, интелликтуалдык, нравалык, физикалык өнүгүүсүнө жана алардын саламаттыгына залал келтирүүнү алдын алуу боюнча” мыйзамынын негизинде рейд уюштурулган.

Анын алкагында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Кара-Балта шаарында түнкүсүн жаш өспүрүмдөр көп топтолгон жайларда текшерүү иштери жүргүзүлдү. Компьютердик клубдарда, кафе-ресторандарда, парк жана башка көңүл ачуучу жайларда ата-энесинин жана башка жакындарынын коштоосу жок жүргөн 15 өспүрүм аныкталып, алар райондук ИИБге жеткирилип, ата-энелери чакыртылып, биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, топтолгон материалдар балдар иштери боюнча райондук комиссияга жөнөтүлгөн.

Андан сырткары 1 оор шартта жашаган жаш балалуу үй-бүлөө аныкталып, алар боюнча материал чогултулуп, социалдык коргоо кызматына жөнөтүлдү. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан тартип бузууларды жана кылмыштуулукту алдын-алууга багытталган лекциялар орто мектептерде, кесиптик лицейлерде окулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *