2022-жылдын 9-майында Жайыл РИИБдин жетекчилиги жана жалпы өздүк курамы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин жеңиш күнү менен куттукташты.
Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Жайыл районунун аймагында жашаган 7 ардагерди куттуктап, акчалай белектерди тапшырып, жеңишке кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүштү. Жеңиш күнүнө арналган иш-чара Чүй облусунун бардык аймактарында өткөрүлүп, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын куттукташууда.