Жайыл РИИБдин кызматкерлери калк арасындагы улуттар аралык кастыктын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

2023-жылдын 14-августунда Жайыл РИИБдин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматы Степной айылынын тургундары менен жолугушту.

Бул иш-чара улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, чагымчыл чакырыктарга жол бербөө максатында жүргүзүлдү.

Бул жолугушууда Кыргыз Республикасында тыюу салынган ар кандай агымдар жана алардын идеологиялары, иш аракеттери, адамдарды өздөрүнө тартуу жолдору жөнүндө кенен түшүндүрмө берилди. Социалдык тармактар аркылуу жаштардын экстремисттик жана террористтик топтордун катарына түшүнбөстөн кирип кетүү учурлары да айтылды.

Ошондой эле бул иш-чарада Чүй облусунун аймагында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери жана ага каршы күрөшүүгө багытталган алдын алуу жолдору да талкууланды.

Чүй облустук ИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *