Кемин районунда алдын алуу иштери улантылууда

29-жылдын 2021-жылдын 29-июль күнү Кемин районунун ИИБдүн башчысы милициянын полковниги Мурадилов Талантбек Кочкорбаевич сууга чөгүү кырсыктарын жана жолдогу кырсыктарды алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн милициянын көчмө кабалдамасы менен райондун аймагында алдын алуу иштерин жүргүздү.

Иш-чарада Кичи-Кемин, Чоң-Кемин, Жел-Арык айылында жана Орловка шаарында жайгашкан көлмөлөрдө, суу сактагычтарда сууга түшүп жаткан тургундарга жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коопсуздукту алдын алуу боюнча эскертмелар таркатылды. Тыюу салынган көлмөлөргө сууга тушуп жаткан балдардын ата-энелерине өспүрүмдөргө ар дайым каттуу көзөмөл кылуу зарылдыгы эскертилип, 20 га жакын өспүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Кемин районунун аймагында жол боюнда соода сатык кылып жатышкан жарандарга Кемин РИИБдүн жетекчилиги жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүп, ал жерде иштеп жатышкан өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелерине жаш балдарды жол боюнча чыгарбоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Жайкы эс алуу учурунда мындай алдын алуу иш-чаралары байма-бай жүргүзүлүп тураары белгиленди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *