Кемин районунда бирөөгө бычак сайган деген шек менен эки жаран кармалды

2019-жылдын 26-август күнү болжол менен саат 18:50 чамаларында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан жаракат алып түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Кемин районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу ооруканага чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жабырлануучунун өздүгү такталып, ал 38 жаштагы И.А. экендиги аныкталып, бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кемин районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе 49 жаштагы К.Н. жана 37 жаштагы Ч.Д. аттуу жарандар шектүү катары кармалышып, окуя болгон жерден далил буюмдар алынган.

Алдын ала маалымат боюнча бул окуя кылмышка шектүү жарандын үйүндө мас абалында шахмат ойноп жатышып, ортодо чыккан чыр-чатактан улам болгону маалым болгон. Кармалган жарандар Кемин районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *