Кемин районунда сууга түшүүдө коопсуздбукту алдын алган иш-чара болуп өттү

 

2018-жылдын 6-июль күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү менен биргеликте сууга түшүүдө кырсыктарды алдын алууга багытталган рейд иш-чарасын уюуштурушту. Иш-чарада сууга түшүүдө суунун терең жерлерине чейин барбоого жана жуунганга мүмкүн болбогон көлмөлөрдө сууга түшүү кооптуу экендиги эскертилди. Чүй облусу боюнча сууга түшүүчү жайларда, көлмөлөрдө жаш өспүрүмдөрдүн сууга түшүүдөгү коопсуздугун алдын алуу үчүн жер-жерлердеги милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анын ичинде Кемин районунда жаш балдар сууга түшкөн жайларда эскертүүчү маалымат такталары орнотулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызмаикелери тарабынан кырсыктарды алдын алуу максатында жумуштар жүргүзүлүүдө.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы эскертет. Урматту ата-энелер, жайкы эс алууда, балдарыңыздардын жүрүм-турумуна жана сууга түшүүдөгү коопсуздугуна көз салыңыздар. Ошондой эле ичимдик ичип сууга түшүү каргашалуу окуяга алып келиши мүмкүн. Андыктан, эс алуу мезгилин көнүлдүү өткөрүү үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *