Москва районунан бирөөнү сабап акча талап кылган деген шек менен мурда соттолгон жаран кармалды

2021-жылдын 6-январь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 28 жаштагы Л.И. аттуу жаран денесине алган жаракаттарынан улам кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган. Жабырлануучуга чала тааныш эркек киши өзүн уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсүмүн деп тааныштырып, аны ур-токмокко алып, 100 000 сом акча талап кылган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан Чүй облусунун ИИББнын жана Москва районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлерине тапшырмалар берилген. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын негизинде Чүй облусунун ИИББдин жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ИИМдин АБПнын атайын отрядынын кызматкерлеринин катышуусунда, шектүү жаран жабырлануучудан 10000 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Ал буга чейин соттолгон 25 жаштагы А.Т. аттуу болгон. Шектүүнү кароо учурунда жанынан жашыл түстөгү зат табылган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *