Москва районунда каракчылыкка шектүү кармалды

 

2022-жылдын 13-апрель күнү Москва РИИБге  Петровка айылында бейтааныш киши тарабынан бычак менен  коркутуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Москва РИИБдүн ыкчам-тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда белгисиз адам тарабынан Петровка айылындагы жайгашкан дүкөндөрдүн бирине кирип, ал жактагы сатуучуну бычак менен коркутуп, найтыйжасында сатуучу бычактан алган жаркаттары менен ооруканага жеткирилгендиги белгилүү болгон.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1970-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кармалып, анын жанынан бычак таабылган.

Азыркы маалда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *