Москва районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

2022-жылдын 11-январь күнү Москва РИИБүнө 1970-жылы туулган М.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 11-январга караган түнү арыздануучунун Москва районунун аймагындагы жайгашкан дүкөнүнүн терезин талкалап белигисиз бирөөлөр киришкен. Анын ичинен терминалдардын бирин сындырышып 7500 сомун, сырткы камеранын дискин, WI-FI роутерин, атыр буюмдарын жана дүкөндүн кассасынан 20 миң сомун алып окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 491 миң сомду түзгөн.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган О.А., жана 1995-жылы туулган С.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *