2020-жылдын 3-декабрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анда жумушчу болуп иштеген “Али” аттуу бала Ак-Суу айылындагы кампадан электр техникасын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде бул кылмышка шектелип, Д.А. аттуу 1975-жылы туулган жаран кармалган.
Андан сырткары, Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан Ак-Суу айылындагы үйлөрдүн биринен акча каражатын жана зер буюмдарды уурдоого шектелип 1985-жылы туулган Т.С. аттуу жаран кармалган. Келтирилген материалдык чыгым 33 миң согмду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Жогорудагы фактылар боюнча сотко чейинки өндуруш иштери улантылууда.