Москва РИИБү тарабынан райондогу активдүү жарандар сыйланышты

2021-жылдын 30-январь күнү Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмүндө жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу болуп, ага Москва РИИБдүн башчысы милициянын подполковниги Тилек Омуралиев, анын орун басары, район жашоочулары жана кызматкерлери кытышышты.

Жыйында өткөн жылы Москва РИИБдүн кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу жолугушуунун катышуучуларына маалымат берилип, өткөн жылы пандемия учурунда, андан сырткары коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларда милиция кызматкерлерне жардамдашкан активдүү жарандардын эмгектерин да белгилеп кетишти.

Жолугушууда кылмыштуулуктарды алдын алуу, мал уурулуктарына бөгөт коюу жана зордук-зомбулуктарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары курал-жарактарды сактоонун, сатып алуунун жана мыйзамдаштыруунун жол жоболору, эрежелери тууралуу түшүндүрмө берилип, бул багытта бир нече суроолор болуп, аларга жооптор берилди.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Т. Өмүралиев, райондогу болуп жаткан көйгөйлөрдү убагында көтөрүп жаткан жарандар менен иштешүүнү жандандыруу маанилүү экенин белгилеп, активдүү жарандарга Масква РИИБдүн Ардак грамоталарын тапшырды.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *