Панфилов районундагы Чалдовар, Фрунзе жана Курама айылдарында эл менен жолугушуулар болуп өттү.

 

Калкка ишеним көрсөтүү, ошондой эле бардык керектүү маалыматтарды берүү максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын жетекчилиги калк менен жолугушууларды ар дайым өткөрүп турат.

2022-жылдын 29-апрелинде Панфилов РИИБнин жетекчилиги Чалдывар, Фрунзе жана Курама айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле, бул жыйынга Панфилов районунун акими, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аталган айылдардын жергиликтүү тургундары катышты.

Жолугушуулардын алкагында райондук ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бардык орун алган социалдык жана башка көйгөйлөрдү угушту.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, милициянын көчмө кабыл алуу пункттарынын иштөө графиктери боюнча маалымат берилди.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *