2020-жылдын 22-январь күнү Панфилов районунда алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Ага райондук ички иштер бөлүмү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация, билим берүү бөлүмү жана үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Рейд учурунда кылмыштуулукту алдын алуу, тартип бузууларды болтурбоо жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштарга жол бербөө боюнча жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чарада уюштуруучулар милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы менен айылдарды кыдырышып, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алышып, андан сырткары жашоочулардын суроолоруна жооп берүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Иш-чарада 8 балалуу оор шарттагы 1 үй-бүлө аныкталып, алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан каттоого алынды. Андан сырткары өспүрүмдөр катышкан 2 материал райондук балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү. Иш-чара учурунда орто мектептерде, “Үй-бүлөдөгү зомбулук”,” Эрте турмуш куруу” жана башка темаларда лекциялар окулду.