2021-жылдын 3-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Ново-Павловка айылынын жашоочусу С.К. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 3-декабрь күнү анын жүк ташуучу автоунаасынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкендигин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган Д.М. жана М.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүү жарандардын Чүй облусунун аймагында дагы ушул сыяктуу 20 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.