Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

 

2022-жылдын 17-февраль күнү Сокулук РИИБүнө 1975-жылы туулган жаран К.А.  арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек кишиге жана аны менен чогуу жүргөн бир топ жарандарга чара көрүп берүүнү суранган. Анткени алар жабырлануучуга 2021-жылдын ноябрь айында анын ишеничинен толук кыянаттык кылып пайдалынышып, алдоо жолу менен Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу айыл-чарба багытындагы жер тилкесин үй салууга мүмкүн экендигине шылтоо кылышып сатышкан. Найтыйжасында жабырлануучуга 450 000 ашык акча каражатына зыян келтиришкен.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1970-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *