Сокулук районунда алдын алуу иштери улантылууда

 

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келет.

Сокулук районунда мал уурулуктарын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын өкүлдөрүнөн турган алты мобилдик топ түзүлгөн. Анда район аймагындагы мал базарларда жана башка коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Милиция кызматкерлери тарабынан мал сатып иштеген жарандарга алдамчылык фактыларына жол бербөө боюнча кеңештер берилди. Ошондой эле кандайдыр бир кылмыштуулук фактылары  тууралуу билгендер болсо дароо ИИОнун кызматкерлерине кайрылуу зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле Сокулук районунун аймагында жайгашкан базарлардын жанында жол тыгындарын жана транспорт кырсыктарын болтурбоо үчүн Сокулук району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жургүзүштү.

Мындай профилактикалык иш-чаралар Сокулук районунун аймагында тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *