Сокулук районунда бирөөнүн малын сатып жиберген шектүү кармалды

Сокулук РИИБне арыз менен Т.К. аттуу жаран кайрылып, арызында 2022-жылдын жай мезгилинин башында «Э» аттуу жаран, бир жаш тайын айына 1000 сомдон багып берем деп алып, айтпай туруп башка адамга сатып жибергенин жана акчасын коротуп койгонун билдирген.

Аталган окуя Сокулук РИИБнүн КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 210-беренесинде (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтоо иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1988-жылы туулган Д.Э. аттуу жаран кармалып Сокулук РИИБнүн убактылуу кармоочү жайына киргизилген.

Тергөө уланып жатат.

Азыркы убакытта милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран, Чүй областынын аймагында ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги мүмкүндүгүн эске алып, жарандарга кайрылат. Эгер сиз Д.Э. атту жарандын кыймыл аракетинен жабыркаган болсоңуз, кийинки телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: Сокулук РИИБнүн нөөмөт бөлүмү 0312 60-75-67, 03134 5-33-80.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *