2022-жылдын 8-июнунда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Күн-Туу айылы тараптан, ар кандай жаракаттарды бар, колу байланган жаран табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, бул жаран 1977-жылы туулган Т.М., экендигин аныктаган. Милиция кызматкерлери бул жаранга алагчкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң аймактык ооруканага жеткиришкен.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип Б.Н. атту жаран колго түшүрүлгөн.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бул окуя кошуналардын ортосундагы чыр-чатактан улам болгону аныкталган. Учурда кармалган адам Сокулук райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.