Сокулук районунда жашоочулардан чогулткан акча каражаттарын башка жака коротууга шектүү кармалды

 

2021-жылдын 9-дкабрь күнү Сокулук РИИБүнө 1980-жылы туулган М.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, Ала-Тоо-3 жаңы конушунун мурунку квартал башчысы электр энергиясын киргизүү үчүн андан 25 миң сом алып, убадасын аткарбай ал акчаны өзүнүн керектөөлөрүнө жумшап салганын билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сокулук РИИБдүн кызматкерлери  тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.К. аттуу аял кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жогорудагыдай 40 дан ашуун фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда, шектүү аял жергиликтүү жашоочуларга электр энергиясын тартып келүүнү убада кылып акча каражаттарын чогултуп, кийин каражаттарды өзүнүн керектөөлөрүнө жумшаганы маалым болгон.

Кармалган аял Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *