Сокулук районунда ири суммадагы акча уурдоого шектүү кармалды

2021-жылдын 16-январь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Сокулук районунун Шалта айылындагы үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде көрсөтүлгөн дарекке дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлерине 51 жаштагы К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15-январдан 16-январга караган түнү анын малчысы үйүнө бирөө кирип 1 миллион сомдон ашуун акча каражатын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектелген жаран 6 айдан ашык убакыттан бери малчы болуп иштеп, арыздануучунун үйүнүн жанындагы времянкада жашап келген.

Чүй облусунун ИИББдин жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын жыйынтыгында, жогорудагы кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон 40 жаштагы М.С. Бишкек шаарындагы күнүмдүк берилген батирлердин биринен кармалган.

Шектүүнүн жашаган жеринен уурдалган каражаттардын 1 миллион сому табылып, калган суммасын иштетип жибергени аныкталган. Табылган каражат  ээсине кайтарылылып берилип, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *