Сокулук районунда каржы пирмида уюштуруп 10 миллион сомдон ашык чыгым келтирген шектүү аял кармалды

2023-жылдын июнь айынын аяк ченинде Сокулук РИИБке арыз менен Кун-Туу айылынын жашоочусу А.Ж. кайрылып, арызында «А» атту аял «Ватсапп» мессенджеринде бир нече группаларды түзүп, кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем деп алдап 187 000 сом акча каражатын котортуп алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.
Аталдган арыз Сокулук РИИБте катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда кийинки жагдай такталган. «А» аттуу аял «Ватсапп» мессенджеринде катышуучулары жөнөкөй жана пенсиядагы болгон адамдар болгон бир нече группаларды түзүп, аларга кыска убакыттын ичинде эки эсе кылам деген алдоо жолу менен акча каражаттарын көтөотуп алган.
Учурда тергөө кызматына аталган аялга чара көрүү боюнча бир топ жарандардан арыздар түшүп, алдап алынган акча каражаты 10 миллион сомдон ашык экени такталды.
Сокулук РИИБтин ЭММКАКтын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында «А» аттуу аял Бишкек шаарынын тургуну 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Сокулук райондук сотунун чечими менен Ж.А. бөгөь коюу чарасы камакка алуу тандалды.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Урматту жарандар эгер, силер Ж.А. аттуу аялдын кыймыл аракетинен жабыр тартсаңар, Сокулук РИИБке киийнки телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот:
03134 53380, 0706 360006, 0552360006 (Ватсапп), 0700343803.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *