Сокулук районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалышты

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 58 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 14-октябрынан 15-октябрга караган түнү Сокулук районунун Саз айылындагы сарайынан үч баш бодо малын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы Ж.Э., 25 жаштагы Б.А. жана 17 жаштагы Ж.Э. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *