Сокулук районунда милиция кызматкерлери алдын алуу иштерин улантышууда

2021-жылдын 27-январь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин демилгеси менен Кызыл-Туу жана Малаводное айылдарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жашоочулар менен жолугушуу уюштурулду. Иш-чарага 50 дөн ашуун тургундар катышып, жергиликтүү бийлик өкулдөрүнө жана Сокулук РИИБдүн жетекчилигине көйгөйлөрүн жеткиришти. Жолугушуунун катышуучулары уурулук, мал уурулуктары, андан сырткары күнүмдүк тиричиликтерге байланыштуу бир катар көйгөйлөрүн айтышып,  алар Сокулук РИИБдүн жетекчилигинин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүнө алынды.

Ошол эле учурда кылмыштуулукту алдын алуу жана аларды болтурбай коюу үчүн милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шектүү адамдарды же чоочун автоунаалрдын шек жараткан жагдайлары болсо аймактык тескөөчүгө, РИИБгө же 102 номерлерине билдирүүнү эскертишти.

Эске сала кетсек, Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан өткөн 2020-жыл ичиинде 150дөн ашуун алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар көбүнчө калк арасында жугуштуу илдетти алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө, уурулуктарды жана мал уурулуктарын алдын алууга багытталган. Андан сырткары Соклурук РИИБү тарабынан 80 ден ашуун рейд иш-чаралары уюштурулуп, анын аркасында бир нече кылмыш иштеринин беттери ачылган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *