Сокулук районунда тоноочулукка шектүү кармалды

Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү 57 жаштагы Б.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 8-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамаларында Ново-Павловка айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бала ага күч колдонуп, “Айфон” үлгүсүндөгү эки телефонун жана акча каражатын тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Сокулук районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Сокулук районундагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 27 жаштагы М.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *