Сокулук районунун базарларында түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлдү

2020-жылдын 20-январынан тарта Сокулук районунун аймагындагы Жибек-Жолу, Айбек жана Сары-Өзөн базарларынын ичиндеги ирээтсиз соода жүргүзгөндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жумуштарын аткарышты. Аталган иш-чара жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан уюштурулуп, Сокулук РИИБдүн кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен биргеликте алдын алуу жана түшүндүрү иштерин жүргүзүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *