Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир катар кылмыштын бети ачылды

Буга чейин Сокулук районунун ички иштер органдарына Джал айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 31-август күнү анын үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүруш иштери башталган.  Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип Б.Э. аттуу жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Андан сырткары Сокулук районунун ИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Күн-Туу айылындагы сарайлардын биринен 12 баш майда мал жандыктарды белгисиз жарандар уурдап кеткен фактысы боюнча арыз катталган. Сотко чейинки жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектелип К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Буга чейин Сокулук районунун ИИБнө 140 миң сом акча каражатын белгисиз жаран тоноп кеткени тууралуу арыз, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренееси (Тоноо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 33 жаштагы Б.З. аттуу жаран кармалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *