Токмокто уурулукка шектүү жарандар кармалды

 

Маалыматка ылайык, 2-декабрда 41 жаштагы жергиликтүү тургун уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылып, 40 тонналык контейнерди уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгымдын суммасы 120 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Токмок ШИИБне Кылмыш жазык кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, райондук бөлүмүнө жеткирилген. Шектүүлөр уурдалган буюмду кара металл сатып алуучу жерге сатууга жетишкен.

Учурда шектүүлөрдүн башка уурулук фактыларына тиешеси бар же жогун текшерип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Чүй ОИИББнын басма-сөз кызматынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *