Токмокто уурулук фактысына шектелген жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Токмок ШИИБге жергиликтүү тургун 38-жаштагы М.Н. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 3 жана 5-мартында уурулук кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Алар үйдүн аймагынан эки жолу көпүрөнүн темир бөлүктөрүн, ошондой эле короодогу башка темир буюмдарды уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты Токмок ШИИБне КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогоруда аталган фактыларды жасоого шектүү катары Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөо кызматкерлери жана Токмок шаарынын ИИБнын кызматкерлери тарабынан 40-жаштагы Д.Д. аттуу жаран аныкталган. Азыркы учурда милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

 

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *