Токмок шаардык милициясы тарабынан кыз ала качууга шектүүлөр кармалган

2020-жылдын 11-январда Жети-Өгүз райондук ички иштер органдарына Токмок шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү анын 19 жаштагы кызын бейтааныш балдар никеге туруу максатында Токмок шаарынан белгисиз автоунаа менен алып качып келишкен. Кызын алып качкан дарегин угуп дароо өзү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна келип, ал жерден кызын алып чыгып, ички иштер органдарына кайрылганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн иштин материалдары окуя болгон жери боюнча Токмок шаарынын ИИБнө жөнөтүлгөн.

Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кыз ала качууга шектүү балдардын өздүгү аныкталып кармалышкан. Алар Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 27 жаштагы Т.М. жана 20 жаштагы Д.И. аттуу жарандар болушкан. Кармалган балдар соттун чечими менен үй камагына алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *