Токмок шаарында уурулукка шектүү кармалды

2022-жылдын 28-март күнү Томкок ШИИБүнө арыз менен 1985-жылы туулан К.С., кайрылган. Себеби 28-март куну белгисиз адам тарабынан анын автоунасынан уюлдук телефонун жана акча каражаттын уурдап кеткендигин билдирген.

Жогорудагы факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери траабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 2002-жылы туулган А.А.,. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын дагы бир нече уурулука тиешеси бар экендиги аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *