Чүй облустук ички иштер органдарынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча окуу өткөрүлдү

2023-жылдын 28-29-ноябрь күндөрү Чүй ОИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан, Чүй облустук ички иштер органдарынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине, облус аймагындагы баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында окуу өткөрүлдү.
Бул күндөрү Ички иштер министрлигинин Синтетикалык заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы, милициянын подполковниги Акылбек Сегизбаев жана Чүй ОИИББнын БМЖКККнын башчысы, милициянын подполковниги Уранбек Шамыркановдор баңги заттардын жайылышын алдын алууда, кандай профилактикалык иш-чараларды көрүү керектиги жөнүндө маалыматтарды беришти.
Окуунун жүрүшүндө А.Сегизбаев наркотикалык заттар боюнча баяндама жасап, синтетикалык каражаттардын түрлөрүнө кеңири токтолуп, зыяндуулугун коомчулукка терең жайылтууга чакырды.
Ошондой эле бул иш-чарада синтетикалык баңгизат даярдоо менен алектенген жашыруун нарколабораторияларды аныктоонун жолдору түшүндүрүлүп, баңгизаттардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушунан улам алардын коомчулукка тийгизген таасири кооптуу экени айтылып, кызматкерлерге кеңири маалымат берилди.
Чүй ОИИББнын БМЖКККнын башчысы, милициянын подполковниги У.Шамырканов облус аймагындагы абалга токтолуп, адамдын аң-сезимин жабыркаткан каражаттардын жайылышына ар-бир милиция кызматкери кайдыгер карабашы керектигин белгилеп, жер-жерлердеги баңгизаттарды көзөмөлдөө жана жаш өспүрүмдөр арасында синтетикалык заттардын жайылышына жол бербөөдө жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышып, чогуу иш алып барууну белгиледи.
Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *