Чүй ОИИББине А.Б. атту жааран арызы менен кайрылган, ал арызында Ленин айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштеп кеткен Д.А. атту жааранга чара көрүүнү суранып, 2021-жылдын апрель айында үй салуу үчүн жасалма токтом берип, 4000 АКШ долларын алгандыгын билдирген.
Аталган фактысы Чүй облусунун ИИББнын КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 27-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып 1970-жылы туулган Д.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы