Чүй облусунда жарандардан акча алып изин жашырып кеткен адам кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 10го жакын жарандын алдамчылык фактысы боюнча арыздары катталган.

Анда өзүн «Фархад» таанштырган эркек киши жарандардын ишенимине кирип, ар кандай убадалар менен алардан акчаларын алып жүргөн. (Жабырлануучулардан 33 000, 75 000, 130 000, 350 000 сом, 7 000 $ , 17 000 $, 19 000) Берген убадаларын аткарбай же алган акчасынн кайтарып бербей из жашырып жүргөнүн жабырлануучулар билдиришкен.

Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык)  боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 36 жаштагы К.Р. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Урматтуу жарандар!

Эгерде кимде-ким жогорудагы жарандан жабыр тарткандар босо төмөндөгү телефондорго кайрылсаңыздар болот.  Аламүдүн РИИБдүн Нөөмөт бөлүгү, 0(312) 36-35-27 же 0 (701) 45-55-94, 0 (550) 33-65-80.

Чүй ОИИББнын басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *