Чүй облусунда ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектүү кармалды

2021-жылдын 22-декабрь күнү Аламүдүн районунун ИИБүнө Чүй облусунун 37 жаштагы жашоочусу Б.Э. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 11-апрелинде О.Б. аттуу жаран Москва районундагы сарайлардында биринде мал багып сатып ишкерлик кылган адам катары өзүн тааныштырып, арыздануучунун 38 баш бодо малын 3 900 000 сомдон ашык каражатка баалап, акчасын кийин берүүгө убада кылып, малдарды алып кеткен боюнча ушул күнгө чейин из жашырып жүргөнүн билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагый дагы эки факты аныкталып, жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан. Анда эки жаран жалпы 5 480 000 сомдон ашуун акчага малдарын баалашып О.Б. аттуу жаранга беришип, ошол боюнча дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 44 жаштагы О.Б. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин Аламүдүн райондук соту тарабынан 1 айга тергөө абагына камакка алынган.
Териштирүү иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *