Чүй облусунда Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери профилактикалык түшүндүрүү иштерин улантууда

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан ар кандай профилактикалык жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Алсак, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп, Сокулук районунун аймагында жайгашкан бир катар айылдардын тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Бул жолугушууларда Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууну жана ар кандай укук бузуулардан алыс болуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мындан тышкары милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга ар түрдүү маселелер боюнча юридикалык кеңештер да берилди.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө испециясынын кызматкерлери тарабынан Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиянын окуучуларына жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында  «Укук бузуулардын алдын алуу» атту иш-чара өткөрүштү. Бул иш-чарага Кыргызстандын айым милиционер ассоциациясынын төрайымы, юридика илимдеринин кандидаты Каана Айдаркулова, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана №2 мектеп-гимназиянын окуучулары катышышты. Бул иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери студенттер менен биргеликте спектакль түрүндө кылмыш жана укук бузуулар тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү беришип, окуучуларга оюн түрүндө кызыктуу слайддарды көргөзүштү. Өз кезегинде милиция айымдары ассоциациясынын төрайымы Каана Айдаркулова бул иш-чаранын бардык катышуучуларына жашы жете электердин жана ошондой эле ата-энелеринин укуктары жана милдеттери камтылган брошюраларды таратты.

Ошондой эле  жалпы республикалык тестирлөөнүн алдында Панфилов РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө испециясынын кызматкерлери тарабынан Панфилов районунун аймагындагы орто мектептерде жашы жете электердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп, кызматкерлер тарабынан мектеп окуучуларына мыйзамды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *