Чүй облусунда милиция кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш өттү

 

Кече, 2022-жылдын 5-апрелинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунда милициянын полковниги Алмаз Байгелдиевич Кожомкуловдун жаркын элесине арналган Чүй облусунун ИИОнын тергөө кызматынын кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү, (Кожомкулов Алмаз Байгельдиевич Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген (2020-жылдын 2-июлунда пневмониядан каза болгон) жана ИИМ системасындагы Тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 59- жылдыгына карата иш чара арналган.

Турнирге 12 команда катышты, алар Борбордук аппараттын тергөө кызматы, 9 райондук ИИБнин кызматкерлери, Чүй облусунун ИИОнын ардагерлери жана Алмаз Байгелдиевич жакындарынан түзүлгөн команда катышты.

Финалдык оюнда Жайыл районунун ИИБнын тергөө кызматынын командасы Ысык-Ата районунун ИИБнин командасын жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Коло медалдарды Чүй облустук ички иштер органдарынын ардагерлер командасы жеңип алды. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө 8000, 5000 жана 3000 сомдон акчалай сыйлыктар жана кубок тапшырылды. Мыкты оюнчусу болуп  Аламүдүн районунун  тергөөчүсү Таңырыков Эрлан аныкталды,  мыкты коргоочу  Кемин районунун Абасканов Кайрат, жана  ОВД, мыкты дарбазачысы деп Панфилов районунун тергөөчүсү  Жаналиев Чынгыз болду.

Иш-чаранын максаты – укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында спортту жайылтуу жана сергек жашоого үндөө.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасындагы тергөө кызматтарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Чүй облусунун ИИБнын аймактык бөлүмүндө салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлерин, өздүк курамын жана тергөө кызматынын ардагерлерин майрамы менен куттуктап, ден соолук, бакыт-таалай жана кызматына ийгиликтерди каалады.

Салтанаттуу иш-чарада мыкты офицерлерге ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *