Чүй облусунда уурулукка шектелип төрт жаран кармалды

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 41-жаштагы жашоочу К.Р. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 23-январь күнү мал сарайда орнотулган жүн пресстеген станогун, жем кургатуучу жабдыгын, темир аштоосун, темир чанасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Аталган факт Жайыл РИИБдүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй ОИИББнын жана Жайыл РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Уурулук” аталышындагы рейд иш-чарасы учурунда, бул кылмышка шектелишип, 44-жаштагы А.М., 36-жаштагы М.Б., 38-жаштагы А.У жана  42-жаштагы И.А. аттуулар кармалышкан.

Тергөө иштери улантылууда.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *