Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында бир катар уурулук фактыларынын бетин ачкан.
Буга чейин Москва РИИБне телефон уурдоо фактысы боюнча арыз менен 25- жаштагы Т.К кайрылган. Ошондой эле, райондук ички иштер бөлүмүнө Н.В., Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын аккумуляторун жана видеорегистраторун уурдалгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Экөө тең Беловодск айылынын тургундары болуп чыккан. Жогорудагы фактыга шектүү катары 46-жаштагы С.И., өздүгү такталып, кармалган.
Андан ары райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан уурулук фактылары боюнча дагы 4 арыз катталган:
1) Беловодск борбордук парктан карусельдин мотору уурдалып кеткен, ага тиешеси бар деп 25-жаштагы Б.М. кармалган;
2) Беловодск борбордук парктан темир будкадан электр щити уурдалган, келтирилген зыяндын баасы 170 миң сомду түзгөн. Маалыматка ылайык, ага тиешеси бар деп 29-жаштагы Ж.А. жаран кармалган;
3) Беловодск айылынын көчөлөрдүн бириндеги дүкөндөн жергиликтүү Т.В. аттуу тургундун акча жана документтер салынган капчыгын уурдап кетишкен. Бул факты боюнча РИИБге 67-жаштагы М.А.алынып келинген;
4) Ошондой эле, Беловодск айылдын тургуну кафеде белгисиз адамдар уюлдук телефонун уурдап кетишкен, бул факты боюнча 49-жаштагы Б.Н. аттуу жаран райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Бардык фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык катталган. У чурда тергөө иштери улантылууда.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы