Чүй облусунун ИИББда мамлекеттик тил майрамына арналган иш-чара болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кеңешме залында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Волкова Светлана Борисовна, Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу,  милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович, Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамы,  ошондой эле башка коноктор чакырылган.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни менен ачылып, алгач Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу С.Асаналиев сөз сүйлөп, мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында аткарылып жаткан иш-чараларга токтолуп, учурда Чүй облусунун ички иштер органдарында иш кагаздардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Волкова Светлана Борисовна, Чүй облусу боюнча мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалап, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз зарыл экендигин белгиледи. Иш-чарада Аламүдүн районунун «Арка-Сыры» фальклордук ансамблинин таланттары, Кара-Жыгач айылынын орто мектептин окуучулары ошондой эле №45 орото мектебинин окуучулары манас эпосунан үзүндүлөрдү айтышып, көркөм ырларды окушуп, комузда кол ойнотушуп, кыргыз элинин салттуу ырларын аткарышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *