Чүй облусунун ИИББда министрдин орун басарынын катышыуусунда кеңешме болуп өттү

 

Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрь күнү Чүй ОИИББнын кеңшме залында жолугушуу болуп, ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев, Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев жана анын орун басарлары ошондой эле облустук шаардык-райондук ИИБдөрдүн жетекчилиги каташышты.

Жыйында министрдин орун басары жер-жерлерде алдын алуу жумуштарын жакшыртуу боюнча талаптарды коюп, өтүп бараткан жылды ийгиликтүү жабуу жана алдыдагы  майрам учурунда жер-жерлерде алдын алуу жумуштарын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Кеңешмеде министрдин орун басары, катталган кылмыштардын бетин ачуу ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча  тиешелүү кызматтарга талаптарды коюп, райондук шаардык ИИБдөрдүн жетекчилерине жергиликтүү жашоочулар менен тыгыз иш алып баруу, элдин ички иштер органдарына болгон ишенимин жогорулатуу боюнча жумуштар тынымсыз жүргүзүлүүсү зарылдыгын белгиледи. Жолгушууда өлкө башчысынын жана ички иштер министринин талаптары айтылып, кызматкерлер арасында өз жумушуна болгон жоопкерчиликти дагы да күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен министрдин орун басары тарабынан төмөндөгү талаптар коюлду.

-Чүй облусунун аймагында катталган оор жана өзгөчөө оор кылмыштардын бетин ачуу.

-Жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн социалдык жана башка маселерди көзөмөлгө алуу.

-Ууралук жан башка кылмыштардын алдун алуу жана кылмыштардын бетиин ачуу максатында рейд иш-чараларын байма-бай уюштуруу.

-Кызматтык тартипти сактоо жана кесиптик тажрыйбаларды жогорулатуу боюнча сабактарда ар дайым өткөрүү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *