Чүй облусунун ИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылды

2022-жылдын 21-ноябрында Чүй областынын Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылынын аймагында,  денесинде ар кандай-жаракаттары бар, жерге көмүлгөн  болжол менен 45-50 жаш курактагы белгисиз адамдын сөөгү табылган.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өлүктү кароо учурунда, денесинен көптөгөн бычактан жаракат алгандыгы аныкталган.

Бул факт Ысык-Ата районунун ИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Катталган кылмыштын оордугун эске алуу менен, тергөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, тергөө амалдарын жүргүзүү Чүй облусунун ИИББнын Тергөө кызматына тапшырылган.

Бир катар ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлүктүн өздүгү такталып, ал 1974-жылы туулган Д.К. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаардык Октябрь РИИБи тарабынан 2022-жылдын 18-октябрынан бери дайынсыз жоголгон жаран экендиги такталган.

Чүй облусунун ИИББнын ыкчам кызматкерлери жана тергөөчүлөрү тарабынан узак мөөнөттө жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектүү катары 1997-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш мүлк талашуудан улам келип чыкканы аныкталган.

Тергөө уланууда.

Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *