Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан мыйзамсыз мамлекеттик чек араны кесип өткөн коңшу өлкөнүн жараны кармалган

Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлерине мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн коңшу өлкөнүн жараны Чүй облусунун аймагында жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 2021-жылдын 19-январь күнү Кемин районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн жеринен 1989-жылы туулган К.А. аттуу көңшу өлкөнүн жараны кармалган. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында жогорудагы жаран 2020-жылдын сентябрь айларында чек арандан мыйзамсыз өткөнү жана ал өз өлкөсүндө бир нече жолу соттолгону маалым болгон. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча катталып, чогултулган материалдар, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *