Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө

Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коронавирустук инфекциянын жайылуусунун алдын алуу боюнча калк арасында профилактикалык иштер улантылууда. Мыйзамдуулукту жана тартипти көзөмөлдөө менен бирге, көчөлөрдө жүргөн жарандар менен коомдук жайларда жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүшүп, өздүк гигиенага көңүл буруп, дарыгерлер тарабынан сунушталган эрежелерди так сактоону жана байланышты минималдаштырууну сунушташууда. Андан сырткары учурда мектеп окуучулары аралыктан окуп жатканына байланыштуу, алардын сабак окуусуна тынымсыз көзөмөл кылуу зарылдыгын ата энелерге эскертишүүдө. Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочуларга өзгөчө кырдаал режимиинин талаптарын сактоо жана жарандардын жоопкерчиликтүү мамилеси менен баардык кыйынчылыктарды биргелешип жеңүүгө мүмкүн экендигин эскертишүүдө.

Чүй облусунун ИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *