Чүй ОИИББы: Атайын иш-чара жүргүзүү учурунда каршылык көрсөтүлгөн

2019-жылдын 28-сентябрь күнү эртең менен Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө 102 номери аркылуу телефон чалуу болуп, Чалдовар көзөмөл өткөрүү пункунда белгисиз адамдар тарабынан укук коргоо органдарына каршылык көргөзүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  Панфилов РИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке  чыгышып териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери Панфилов районунда жайгашкан Чалдовар-унаа жолу көзөмөл өткөрүү жайында атайын иш-чара өткөрүү учурунда белгисиз жарандар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн.

Азыркы учурда Панфилов РИИБдүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *