Чүй районунда алдын алуу иш-чарасы бөлүп өттү

 

Чүй районунун аймагында “Камкордук” аталалышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Анын максаты, кароосуз калган, оор шарттарда жашаган, мектепке барбаган балдарды аныктоо жана алар менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн уюштурулган. Иш-чарада 35 ден ашуун ар түрлүү жайлар, компьютердик клубдар, курулушу бүтө элек имараттарда текшерүүлөр жүргүзүлдү. Андан сырткары, тейлөө көрсөтүүчү жайлар, кафе-ресторандар, унаа жуучу жайлар жана башка өспүрүмдөр иштөөгө мүмкүн болгон жайлар текшерилди. Иш-чарада Чүй районундагы орто мектептерге милиция кызматкерлери тарабынан 60дан ашуун лекциялар окулду.

17-18-ноябрь күндөрү аба ырайынын суук болуп, жолдордогу тайгактан улам Чүй РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жөө жүргүнчүлөргө алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Мектеп окуучулары үчүн жолдордон жөө өтмөктөрдөн гана өтүү эскертилди.

Рейд иш-чарасы учурунда көмүр саткан жарандар менен жолугушуулар болуп, бааларды жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *