Чүй районунда милиция кызматкерлери тоноого шектелгендерди кармашты

Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен Чүй РИИБине 1985-жылы туулган А.С. кайрылган. Ал Чүй айылынын аймагындагы кароосуз калган үйлөрдүн биринде саат 02:30 чамасында  физикалык күч колдонуу менен жанындагы 15 000 сом накталай акчасын, 20 000 сомдук уюлдук телефонун жана тиешелүү документтери менен банк картасын тартып алган жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган М.У. жана Ж.Д. кармалып Токмок шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу дагы бир кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *