Ысык-Ата районунда алдан алуу иштери улантылууда

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары менен биргеликте алдын алуу иштерин өткөрүшуп келишүүдө.

Алдын алуу иш-чара учурунда жергиликтүу жашоочуларга жана башка чарбачылык жайларын кожоюндарына кылмыштуулукту жана башка терс көрүнуштөрдү алдын алуу боюнча түшүндурүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда жеке буюмдарына жана мал жандыктарына сак болуп, кылмышкерлердин аракетинен зыян тартып калбоо үчүн коопсуздук чараларын көрүү зарылдыгы айтылууда. Андан сырткары мал жандыктарга ээн тамгаларды коюп, каттоого алып, ошондой эле көп убакытка үйдөн чыгып жатканда электр энергиясы менен жылытуучу  плиталарды өчүрүп коюу коопсуз экени жеткирилүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *