Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы айыл жашоочулары менен жолугушууларды улантышууда

2020-жылдын 20-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги У.Бектемишов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен Люксембург айыл өкмөтүнө караштуу Киргшелк айылынан тургандары жана активисттери менен жолугушушту.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар райондук милиция башчысына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече көйгөйлөрүн жеткиришип андан сырткары кызыктырган суроолорун узатышып жоопторду ала алышты. Киргшелк айыл тургундарын түйшөлткөн маселелердин бири негизги трассадан аталган айылга кирген жолдо светофордун жоктугун белгилешти. Ал жолдон кесип өтүү жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга көп кооптонууларды жаратып жаткандыгын белгилешип ошол маселени чечип берүүнү суранышты. Бул маселени РИИБдүн башчысы көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтар менен сүйлөшүп жакынкы убакта жооп бере тургандыгын билдирди. Андан сырткары таштанды, жолдун абалы жана башка маселелери тууралуу 3 жаран арыз менен көчмө кабылдамага кайрылышты. Ал арыздар башка мамлекеттик кызматтарга тиешелүү болгондуктан алардын кароосуна жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек Ысык-Ата РИИБүнө таандык милициянын көчмө кабылдама унаасы жыл башынан бери 12 ирээт айыл жашоочулары менен жолугушууга чыгышып, кылмыштуулукту жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. РИИБдүн кызматкерлери  жана  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  түзүлгөн графиктин негизинде көчмө кабылдамасы автоунаасы менен район аймагындагы айыл тургундары менен жолугушууларды жүргүзүшүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *