Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы эл менен жолугушуу өткөрдү

 2019-жылдын 10-сентябрь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Дружба жана Жер-Казар айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Милициянын көчмө кабылдамасында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, райондук билим берүү бөлүмүн өкүлү, социалдык кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар катышышты. Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан милиция кызматкерлерине жана социалдык кызматкерлерге суроолор берилип, тиешелүү жоопторду алууга,  андан сырткары юридикалык кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда, Дружба айылында эки оор шартта жашаган үй-бүлө бар экендиги аныкталып, ошол дарекке милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү,  ошондой социалдык кызматкерлер менен барышып, аталган үй-бүлөлөр менен жолугушуу болуп, социалдык кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *