Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Новопокровка айылынын 46 жаштагы жашоочусу Б.Т. арыз менен кайрылып, Ивановка айылындагы көчөлөрдүн бирине автоунаасын токтотуп, дүкөнгө кирип чыкканча машинеде калган телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү делип, 17 жаштагы жергиликтүү жашоочу Х.К. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.